Подиумда кулаган модель жигит ошол жерден жан берди. Окуянын видеосу

© REUTERS / Leco Viana Неделя моды в Сан-Паулу
 Неделя моды в Сан-Паулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиктер ага жардам көрсөтүп, бирок сактап кала алышкан эмес.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Талес Соарес аттуу модель Сан-Паулу шаарында (Бразилия) өтүп жаткан мода жумалыгы учурунда подиумда басып бара жатып жыгылып, ошол жерден көз жумду. Бул тууралуу Folha de São Paulo басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, Соарес Ocksa брендинин кийимдерин көрсөтүп жаткан учурда жыгылган. Айрымдар ал бут кийимдин боосуна чалынып кетиши мүмкүн деп божомолдоодо.

"Алгач муну көрүүчүлөр шоунун бир бөлүгү деп ойлошкон. Бирок модель ордунан турбай, бир маалда денеси калтырап, оозунан ак көбүк чыга баштаган", — деп айтылат макалада.

Медиктер ага жардам көрсөтүп, бирок сактап кала алышкан эмес.

Модель жигит болгону 26 жашта болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0