Океан сууларынан жаңы вирустун 200 миңдей түрү табылды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүОкеан. Архив
Океан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анализ кылганга суунун бир нече миң үлгүсү алынып, негизги басым Түндүк муз океанына жасалган.

БИШКЕК, 28-апр.— Sputnik. Дүйнөдөгү океандардын ар кайсы бөлүгүнөн буга чейин белгисиз болгон 195 миң вирустун түрү табылган. Бул тууралуу National Geographic билдирди.

Жаңы вирустар боюнча маалымат Tara Oceans экспедициясынын жасаган иштеринин жыйынтыгынан кийин белгилүү болгон. Анализ кылганга суунун бир нече миң үлгүсүн алышып, негизги басым Түндүк муз океанына жасалган.

Филиппинде өлгөн киттин ичинен 40 кг желим чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Филиппинде өлгөн киттин ичинен 40 кг желим чыкты. Видео
Үлгүлөрдү жер жүзүндөгү лабораториялар, анын ичинде Европанын молекулярдык биология боюнча лабораториясы да изилдеп чыккан. Жыйынтыгында буга чейин белгисиз делген 195 728 вирустук популяция табылган.

Алынган маалыматтардын негизинде изилдөөчүлөр дүйнөдөгү океандарды беш зонага (жоголгон эки арктикалык аймакты кошкондо) бөлсө болот деп божомолдошкон. Алардын ар биринде тийиштүү бир жерге гана таандык болгон өзүнүн мыйзамдары бар. Ушундан улам окумуштуулардын алдына булардын баарын иликтеп чыгуу тапшырмасы коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0