3 жашар кыз жаңы төрөлгөн бөбөгүн ата-энесинин өлүмүнөн кийин сактап калды

© AFP / FREDERICK FLORINЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдары көрсөтүлгөн дарекке келгенде үйдөн эки адамдын сөөгүн жана эки бөбөктү чогуу турган жеринен тапкан.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Америкалык каарман кыз бөбөгүн өлүмдөн сактап калды. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Автокырсык эне-баланын өмүрүн сактап калды. Англиядагы окуя
Билдирүүдө балдардын атасы өз үйүнөн аялын өлтүрүп, андан соң өз өмүрүнө кол салгандыгы айтылат.

Полиция кызматкерлери үйдөн балдарды таап чыкканда үч жаштагы кыздын эрдигин баса белгилешкен. Полицияга балдардын чоң атасы чалып, уулунун талмасы кармап калганын айткан. Укук коргоо органдары көрсөтүлгөн дарекке келгенде үйдөн эки адамдын сөөгүн жана эки кичине баланын чогуу турганын табышкан.

Полициянын маалыматына ылайык, бөбөктөр ата-энесинин өлүмүнөн кийин үч күн жалгыз жатышкан.

"Биздин кичинекей периште өзүнүн жана бөбөгүнүн өмүрүн сактап калган. Чыныгы эрдик", — деген полиция кызматкери Морин Райан.

Дарыгерлер балдарды текшерип көрүп суусаганын, ачка калганын, бирок ден соолугу жалпы жонунан жакшы экенин айтышкан. Полиция кызматкерлери балдар ата-энесинин өлгөнүн көргөн эмес деп божомолдошууда. Кызынын айтымында, ал апасынын ыйлаганын жана кыйкырганын уккан.

Чоң атасы журналисттер менен сүйлөшүп жатып, баласынын тагдыры кейиштүү бүтсө да, неберелеринин келечеги жаркын болооруна ишенерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0