Жер бетинен жоголду деген гүл Гаваиден табылды

Жазылуу
Эндемик 2016-жылы жер бетинен жоголду деп расмий түрдө жарыяланган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Гаваидеги Улуттук тропикалык ботаникалык бактын кызматкерлери Hibiscadelphus woodii деп аталган сейрек кездешүүчү гүлдү табышты. Бул тууралуу N+1 порталы жазды.

Маалыматка караганда, Кауаи аралында өскөн эндемикти акыркы жолу 2009-жылы көрүшкөн. Ал эми 2016-жылы жер бетинен жоголду деп расмий түрдө жарыяланган. Өсүмдүк Калалау өрөөнүндөгү тоо кыркаларында гана кездешет.

Калалау өрөөнүнө жетүү оор болгондуктан ботаникалык бактын кызматкерлери дронду учуруп, анын жардамы менен сейрек кездешкен гүлдү байкап калышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0