People журналы жылдын эң сулуу аялын атады. Сүрөт

© AFP / ROBYN BECKАмерикалык актриса, продюсер жана коомдук ишмер Женнифер Гарнер. Архив
Америкалык актриса, продюсер жана коомдук ишмер Женнифер Гарнер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гарнерге атак-даңкты "Шпионка" сериалына борбордук чалгындоо башкармалыгынын агенти болуп аткарган ролу алып келген. Бул образы үчүн актриса "Алтын глобус" сыйлыгына татыган.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Америкалык актриса, продюсер жана коомдук ишмер Женнифер Гарнер People журналынын версиясы боюнча "Жылдын эң сулуу аялы" деп тандалды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от People Magazine (@people)

Билдирүүгө ылайык, анын сүрөтү журналдын атайын чыгарылышынын башкы бетине жайгаштырылган.

"Канчалык күзгүгө аз каранып, дүйнөгө эмне бере аларымды көп ойлонсом, мен өзүмдү ушунчалык бактылуу сезем", — деп айткан актриса журналга берген маегинде.

Ошондой эле ал жеңишин дароо эле түшүнбөгөнүн да кошумчалаган.

Миссис Кыргызстан -2019 сынагынын жеңүүчүсү Миргүл Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн эң сулуу келини: экинчи турмушуман аялдык бактым ачылды
Гарнерге атак-даңкты "Шпионка" сериалына борбордук чалгындоо башкармалыгынын агенти болуп аткарган ролу алып келген. Бул образы үчүн актриса "Алтын глобус" сыйлыгына татыган.

Мындан сырткары, ал "Королевство", "Жуно", "Странная жизнь Тимоти Грина", "Далласский клуб покупателей" жана "С любовью, Саймон" аттуу фильмдери менен да көпчүлүккө белгилүү.

Женнифер Гарнердин эки кыз, бир уулу бар. Актриса кайрымдуулук менен алектенет. Анын ичинде балдарга жардам берген Save the Children кыймылына да катышып келет.

Аталган журнал былтыркы жылдын эң сулуу аялы деп ырчы Пинкти атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0