04:21 26 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Путин менен Ким Чен Ын бири-бирине белек тапшырды

Путин менен Ким Чен Ын бири-бирине кылыч тартуулашты. Видео

© Sputnik / Алексей Никольский
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
427 0 0

РФ лидери куралга кошуп кесиптешине чай сервизин тапшырды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Эки өлкөнүн башчылары бири-бирине белек тапшырганы туурасында РИА Новости агенттиги жазып, видеосун жарыялаган.

"Заманбап куралдар жок учурда ушундай кылычтарды колдонушкан. Тартуум кайрат-күчтү, менин жан дүйнөмдү жана сизди колдогон биздин элибизди чагылдырат", — деп айткан Ким Чен Ын белек берип жатып.

Путин ага ыраазычылык билдирип, ал дагы кесиптешине кылыч берген.

  • Эки өлкөнүн башчылары бири-бирине белек тапшырды
    © Sputnik / Алексей Никольский
  • Путин ага ыраазычылык билдирип, ал дагы кесиптешине кылыч берген.
    © Sputnik / Алексей Никольский
  • Курал белек кылуу жаман белги экенин эске алып, президенттер бири-бири менен тыйын алмашышты.
    © Sputnik / Алексей Никольский
1 / 3
© Sputnik / Алексей Никольский
Эки өлкөнүн башчылары бири-бирине белек тапшырды

Курал белек кылуу жаман белги экенин эске алып, президенттер бири-бири менен тыйын алмашышты.

Түндүк Кореянын лидери Россиянын Владивостогуна шаршемби күнү эртең менен келип түшкөн. Бул анын Россияга жасаган биринчи сапары эмес. Андан сырткары, жогорку постко шайлангандан кийинки чет жакка болгон тунгуч сапары.

Тема боюнча

Путин Жээнбеков тартуулаган аргымакка жем берип, тайганды сылады. Видео
Жээнбеков Путинге тартуулаган аргымак менен тайган эмне болду? Элчинин жообу
Белгилер:
кылыч, белек, Владимир Путин, Ким Чен Ын, Түндүк Корея, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ