Газдалган таттуу суунун зыяндуу жактары тизмектелди

© Sputnik / Анатолий Медведь / Медиабанкка өтүүЗапуск новых производственных линий завода Coca-Cola в Санкт-Петербурге
Запуск новых производственных линий завода Coca-Cola в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газдалган суу гастрити барларга жана ички органдардын илдети менен жабыркап жүргөндөргө бычак экени айтылат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Газы бар таттуу суу бир катар олуттуу илдеттерге себеп экендигин "Известия" басылмасы гастроэнтерологдорго жана окумуштууларга шилтеме берип жазды.

Гастроэнтеролог Ирина Пичугинанын айтымында, ширин суунун курамындагы кант салмак кошууга алып келет, эгер ченемден көп ичилсе, кант диабетин шарттайт. Мындан улам адам толот дагы, гинекологиялык, урологиялык, жүрөк-кан тамыр жана тери ооруларына кабылышы мүмкүн.

Ал эми газдалган суудагы көмүр кычкыл газы ашказандын былжыр челин дүүлүктүрүп, ичти көптүрүп, ичеги-карындын иштешин бузат. Мындайча айтканда, газдалган суу гастрити барларга жана ички органдардын илдети менен жабыркап жүргөндөргө бычактай эле тиет.

Туз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар арыктоо үчүн туздун да пайдасы бар экенин аныкташты
Ошондой эле АКШлык окумуштуулар газдалган суунун ден соолукка тийгизген таасирин билүү үчүн Сингапурдун жашоочуларына 14 жыл изилдөө жүргүзүшкөнү айтылат. Натыйжада тургундарда уйку безинин рагына чалдыгуу коркунучу өтө жогору экендиги аныкталган. Ага салыштырмалуу жөнөкөй шире ичип жүргөндөрдө рак сыяктуу оорулар аныкталган эмес.

Макалада газдалган сууну башка суусундукка алмаштырууга мүмкүн экендиги белгиленет. Мисалы, кадимки жана минералдык суу, морс, компот, чай, кофе, кээде газы жок шире ичсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0