Шляпасын чечип, даам ооз тийип... Ким Чен Ындын Россияга келген видеосу

© Фото / пресс-служба администрации Приморского края / Медиабанкка өтүүТүндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын
Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ким Чен Ын Россияга биринчи ирет келди. Ал бул жакта ишемби күнгө чейин болору айтылууда.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын Владивостокко барганын РИА Новости агенттигинин кабарчысы билдирди.

Зооттолгон поезд Москва убактысы боюнча саат 11:01де келген.

​Ким Чен Ын перронго чыгып, тосуп тургандар менен учурашты. Кийин вокзалдагы аянтчага барышкан. Ал жакта түндүккореялык делегацияны Ардак кароолдун оркестри күтүп турган. 

​Ким Чен Ын Орус аралындагы резиденцияга жөнөп кетти. РИА Новостинин ишенимдүү булактары билдиргендей, Түндүк Кореянын лидери Путин менен эртең, 25-апрелде, жолугушат.

Ким Чен Ын Россияга биринчи ирет келди. Ал бул жакта ишемби күнгө чейин болору айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0