Индонезияда 190 млн. адамга ээ боло албай шайлоо комиссиясынын 92 мүчөсү каза болду

© AFP / DAENG MANSUR Всеобщие выборы в Индонезии
Всеобщие выборы в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо 17-апрелде өткөнүнө карабастан добуштар ушу кезге чейин саналууда.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Индонезияда жалпы шайлоону уюштуруу жана өткөрүү иштеринен чарчап шайлоо комиссияларынын 92 мүчөсү каза тапты. Бул тууралуу Antara басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.

Буга чейин катуу чарчагандан жана жол кырсыгынан мертингендердин саны 69 экени айтылган, анын ичинде 15 полиция кызматкери жана шайлоо участкаларынын 54 мүчөсү бар экени маалым болгон.

Похороны погибшего при серии взрывов в Шри-Ланке. 23 апреля 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Шри-Ланкадагы жардыруулардын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" мойнуна алды
Президенттик, вице-президенттик, улуттук парламент, аймактык парламенттер, шаар жана райондук кеңештердин жалпы шайлоосу 17-апрелде өткөнүнө карабастан добуштар ушу кезге чейин саналууда. Шайлоого 193 миллион киши келип, бул рекорддук көрсөткүч экени айтылды. Расмий жыйынтык 22-май күнү жарыяланат.

Шайлоо участкаларынын кызматкерлери шайлоо алдында эки күн катары менен эс албай иштөөгө мажбур болгон.

Ал эми алдын ала божомол боюнча жарышта алдыда келе жаткан учурдагы президент Жоко Видодо көз жумгандардын жакындарына көңүл айтып, набыт болгондор "демократиянын баатырлары" экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0