Украинанын Кыргызстандагы жарандары да президенттик шайлоого катышууда

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраинадагы президенттик шайлоодо добуш берип жаткан адам. Архив
Украинадагы президенттик шайлоодо добуш берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек убактысы боюнча саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча №900040 шайлоо участкасында 20 адам добуш берди.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Украинада өтүп жаткан президенттик шайлоого Кыргызстанда жашаган украиналыктар да добуш берүүдө. Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Ага ылайык, жарандардын добуш берүүсүнө шарт түзүлүп, шайлоо участкасы элчиликтин имаратында жайгашкан. Ал Бишкек убактысы боюнча саат 8:00дө ачылып, 20:00гө чейин иштейт. Саат 12:00гө карата 20 киши добуш берүүгө үлгүргөн.

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги Бишкек шаары, Манас Айылы көчөсү, 1А дарегинде жайгашкан.

Украинадагы шайлоодо добуш берип жаткан жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру башталды
Украинада президенттик шайлоонун биринчи туру 31-мартта өтүп, мамлекет башчысы болом деген 39 талапкердин бири да тийиштүү добуш албагандыктан экинчи тур дайындалган.

Экинчи турга Украинанын азыркы президенти Петр Порошенко менен биринчи турдун лидери Владимир Зеленский катышууда. Социалдык сурамжылоого ылайык, Зеленскийди украиналыктардын 70 пайызы колдосо, Порошенкону элдин 25 пайызы гана колдоп жатат.

Украинада президент беш жылга шайланат. Борбордук шайлоо комиссиясы экинчи турдун жыйынтыгын 1-майга чейин чыгарышы кажет. Ал эми 3-июнга чейин жаңы президенттин инаугурациясы болушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0