БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бир жумада жок дегенде 2,5 саат дене-бойду жазган активдүү кыймыл деменциянын (акыл-эстин айнышы — ред.) өрчүү тобокелдигин азайтат. Бул тууралуу бостондук илимпоздордун иликтөөсүн JAMA журналы жарыялады.
Илимий иш 2016-жылдан 2019-жылга чейин жасалган. Ага 2354 адам (1099 — эркек, 1276 — аял) катышып, иликтөөдө акселерометрлер менен магниттик-резонанстык томография колдонулган.
Эксперттер активдүү кыймыл ден соолукту гана чыңдабастан, акыл-эсти да жакшырта турганын айтышууда.
"Спорт менен машыгуу, керек болсо жөн гана сейилдөө мээнин картаюусун жайлатат. Натыйжада көп кыймылдаган адамдардын деменцияга туш болуу кооптуулугу аз", — дешти окумуштуулар.
Эсептөөгө ылайык, активдүүлүгү аптасына 150-300 мүнөттү түзгөндөрдүн мээси ар бир саатта мээнин картаюусун 1,1 жылга кечеңдеткен. Жумасына 7500 кадам баскан адамдардын мээси 1,4-2,2 жылга жайлаган.