Японияда 258 грамм болуп төрөлгөн ымыркай үйүнө чыгарылды

© AFP / Frank Rumpenhorst / dpaНеонатологическое отделение клиники Бюргергоспиталь
Неонатологическое отделение клиники Бюргергоспиталь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай көрүнүш өлкөдө алгачкы ирет болуп жаткан жок.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Японияда ай-күнүнө жетпей, салмагы 258 грамм болуп төрөлгөн эркек бала дарыгерлердин алты айлык көзөмөлүнөн кийин үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

Бөбөк былтыркы жылдын октябрь айында Нагано префектурасында төрөлгөн.

Алты айлык боюнда бар келиндин кан басымы кескин жогорулап кетип, анын жана түйүлдүктүн ден соолугу үчүн санааркаган дарыгерлер операция жолу менен наристени жарык дүйнөгө алып келишкен.

"Ымыркайга капельница койгон өзүнчө түйшүк эле. Анткени анын кан тамырлары ийнеден ичке болчу", — деген ага кам көргөн дарыгерлердин бири.

Ушул тапта баланын бою 43 сантиметрге, салмагы 3 килограмм 374 граммга жетип, ишемби күнү үйүнө чыгарылды.

Японияда дал ушундай окуя жакында эле болгон. Анда бул наристеден 10 граммга оорураак, тагыраагы, 268 грамм болгон ымыркай Токио шаарында төрөлгөн. Ал дагы бир нече ай дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, ушул жылдын февраль айында ооруканадан чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0