14:03 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Португалиянын Мадейра аралында туристтик автобус жол кырсыгына кабылып, акыркы маалымат боюнча 29 адам каза тапты

Бир заматта жок болгон 29 турист. Португалияда автобус үйдүн үстүнө кулап кетти

© REUTERS / DUARTE SA
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
182 0 0

Автобуста 55 кишиге чейин болушу мүмкүн экени айтылды.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Португалиянын Мадейра аралында туристтик автобус жол кырсыгына кабылып, акыркы маалымат боюнча 29 адам каза тапканын РИА Новости жазды.

Окуядан дагы 27 киши жабыркаган.

"Мертингендердин баары германиялык туристтер. Автобустун айдоочусу менен гид жаракат алган. Алардын абалы тууралуу азырынча маалымат жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсык 17-апрель күнү жергиликтүү убакыт менен саат 18.30дарда (Бишкек убактысы боюнча 23.30) болгон. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу рулга ээ боло албай калып, жолдон чыгып кеткен да, үйдүн чатырына кулаган. Жергиликтүү ЖМКлардын билдирүүсү боюнча автобуста 55ке чейин киши болушу мүмкүн.

Португалиянын премьери Антониу Кошта каза тапкандардын үй-бүлөсүнө жана Германия канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты. Ал эми прокуратура тергөө иштерине киришти.

Тема боюнча

Жөө киши жүрүп келе жаткан фураны токтотууга аракет кылып, алдында калган видео
Белгилер:
айдоочу, автобус, жол кырсыгы, Португалия

ЭҢ МААНИЛҮҮ