Билип туруп жасаткан аборттон 23 млн. кыз төрөлбөй калган

© AFP / ALFREDO ESTRELLAНезаконные аборты в Мехико
Незаконные аборты в Мехико - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмбрион кезинде эле өмүр менен коштошкондордун көбү Кытай менен Индияга туура келген.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Акыркы 47 жыл ичинде дүйнөнүн 12 өлкөсүндө кыз менен балдардын төрөлүүсүнүн теңдештиги бузулуп, уул балдар жарык дүйнөгө көбүрөөк келген. Бул туурасында Proceedings of the National Academy of Sciences жарыялаган материалда айтылган.

Маалыматта мунун себеби үй-бүлөнүн уулду артык көрүп, курсакта жатканда эле кызды бойдон алдырып салуу экендиги айтылган. Медициналык тил менен аны селективдүү аборт деп аташат.

Адистер изилдеп, селективдүү бойдон алдыруунун кесепетинен 47 жыл ичинде 23,1 миллион кыз жарыкка келбей калгандыгын аныктап чыккан. Анын көбү Кытай менен Индияга туура келет.

Смог в Москве - Sputnik Кыргызстан
Булганган абанын түйүлдүк менен ымыркайга тийгизген терс таасири айтылды
Бойдон алдыруунун мындай түрлөрү түйүлдүктүн эненин карынында жаткан кезде жынысын аныктаган технологиядан улам келип чыккан. Кыздардын жарык дүйнөгө келбей калышына үй-бүлөдөгү чечим менен өкмөттүн туулган балдардын санын чектөө боюнча (Кытай) талаптары себепкер.

Маалыматта жыныстардын көрсөткүчүндөгү теңдешсиздикти аныктоо алда канча татаал экени айтылган. Мындай иштерди Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондусу аткарып келет. 2017-жылы жыныстардын көрсөткүчү боюнча иш өлкөнүн 195 өлкөсүндө жүргүзүлгөн, бирок теңдештикти аныктоо жасалган эмес.

Маалыматта дагы бир учур белгиленген. Мурда окумуштуулар аялдардын өмүрүнүн узактыгын балдарынын аздыгына байланыштырган. 100 жыл ичинде (XIX кылым менен XX кылым) Американын Юта штатында балдардын төрөлүүсү эки эсеге азайып, аялдардын өмүрүнүн узактыгы 12 пайызга өскөн. Ал эми эркектердики болгону 2 пайызды көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0