Дүйнөдөгү эң бийик имаратка чагылган түштү. Видео

© Sputnik / Игорь Лаухин / Медиабанкка өтүүЧагылган. Архив
Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунаранын чатырындагы шиш чагылган тоскуч болуп эсептелет.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң бийик имарат — Дубайдагы Бурж-Халиф мунарасына чагылган тийген ирмем видеого түшүп калды.

Ал кадрларды Дубайдын мураскер ханзаадасы Шейх Хамдан бен Мохаммад бин Рашид Аль Мактум өзүнүн Twitter баракчасына жарыялады.

​Айта кетчү нерсе мунаранын чатырындагы шиш чагылган тоскуч болуп эсептелет.

Бурж-Халиф — дүйнөдөгү эң бийик имарат. Бийиктиги — 828 метр, 2010-жылы курулуп бүткөн.

Өткөн жылдын аягында Кувейттин Аскер-аба күчтөрүнүн F-18 учагына да чагылган тийген учур видеого тартылып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0