05:09 16 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.5670
  • EUR78.4229
  • RUB1.1073
Тамак аш. Архив

Окумуштуулар диабет илдетине чалдыккандарга пайдалуу тамактарды сунуштады

© Sputnik / Евгений Биятов
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
543 0 0

Илимпоздор каалоочуларга эки күндүк эксперимент жүргүзүп, биринчи күнү аларга омлет, экинчи күнү жемиштер кошулган сулу боткосун берип көрүшкөн.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Канаданын Британиялык Колумбия университетинин окумуштуулары углеводу аз, майы көбүрөөк эртең мененки тамак экинчи типтеги диабет менен ооругандарга пайдалуу экенин айтышкан. Башкача айтканда, мындай азык бир күн бою глюкозанын көлөмүн көзөмөлдөөгө жардам берет. Бул тууралуу РИА Новости Medical Xpress басылмасына таянып кабарлады.

Илимпоздор каалоочуларга эки күндүк эксперимент жүргүзүшкөн. Биринчи күнү аларды чалып куурулган жумуртка, экинчи күнү жемиштер кошулган сулу боткосу менен тамактандырган. Күндүн калган бөлүгүндөгү азыктар окшош эле берилген. Ар беш мүнөт сайын атайын аппарат менен катышуучулардын канындагы канттын көлөмүн текшерип турушкан.

Экспериментте майлуураак, углеводу аз эртең мененки омлет кантты азайтууга жардам бергендиги аныкталган. Жада калса бул тамак бир күн бою глюкозанын көлөмүн көзөмөлдөөгө жардам берери аныкталган. Мындай жыйынтык окумуштуулар үчүн да күтүүсүз болгон.

Тема боюнча

Алкоголду таштагандан кийин деле ал мээни талкалаганын уланта берет
Тамеки тарткан кош бойлуу аялдын кыздары төрөбөй калары айтылды
Белгилер:
эксперимент, Окумуштуулар, диабет

ЭҢ МААНИЛҮҮ