Былтыр Facebook Цукербергди кайтарган адамдарга 22 млн. доллар короткон

© AFP / Drew AngererFacebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Марк Цукерберг. Архив
Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Марк Цукерберг. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Цукербергди жана анын үй-бүлөсүн кайтарган жансакчыларга кеткен чыгымдын өсүшү акыркы жылдары компаниянын ишмердүүлүгүн коштогон ызы-чууларга байланыштуу экени айтылган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Марк Цукерберг 2018-жылы жансакчыларына 22, 6 миллион доллар короткон. Бул тууралуу BBC жазды.

Акыркы үч жылда Цукербергдин коопсуздугун камсыз кылууга төрт эсеге көп акча сарпталган.

Цукербергдин чыгымдарынын ордун толтуруу Facebook компаниясынын милдетине кирет.

"Бул сумманын 10 миллион доллары анын коопсуздугуна, 2,6 миллион доллары жеке учактар менен жүрүүсүнө жана 10 миллион доллары Цукерберг жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жансакчыларына жумшалган", — деп жазылат маалыматта.

Компания кеткен чыгымдар туура эле деп эсептейт. 2018-жылкы чыгымдын өсүшү биринчиден үзгүлтүксүз жеке сапарларына, турак жайынын коопсуздугуна корогон чыгымын жабууга жана коргоо кызматына жумшалган.

Instagram тиркемесинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Instagram ишкерлердин ишин жеңилдетет. Онлайн сатып алуу сыналууда
Американын CNBC телеканалы Цукерберг жана анын үй-бүлөсүн жансакчыларына кеткен чыгымдын өсүшү акыркы жылдары компаниянын ишмердүүлүгүн коштогон ызы-чууларга байланыштуу экенин айткан.

2018-жылы Британиянын Cambridge Analytica компаниясы "Фейсбуктун" он миллиондогон колдонуучуларынын жеке маалыматтарын чогулткандыгы маалым болгон.

Бул боюнча Цукерберг АКШнын жана Европарламенттин конгрессинде көрсөтмө берген.

Цукерберг компания ката кетиргенин мойнуна алып, колдонуучулар тууралуу маалыматты башка тиркемелер ала албагыдай, кирүүсүн татаалдаштырууга сөз берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0