Робот чаң соргучтан корккон аял полиция чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековДевушка говорящая по стационарному телефону
Девушка говорящая по стационарному телефону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция чакыруу болгон жерге жети мүнөттө жеткен.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. АКШнын Орегон штатынын тургуну ваннасында жүргөн робот чаң соргучту кылмышкер деп ойлоп полиция чакырды. Бул тууралуу NBC News басылмасы жазды.

Полиция чакыруу болгон жерге жети мүнөттүн ичинде жеткен.

"Үйгө киргенде чындап эле ваннада бирөө жүргөндөй болду. Биз куралчан экенибизди айтып, анын ваннадан колун өйдө көтөрүп чыгуусун талап кылдык. Бирок жооп болгон жок", — деди полиция кызматкери.

Ошол маалда жуунучу бөлмөнүн эшигин талкалап кирген полиция кызматкерлери ары-бери кыймылдап, чаң тазалап жаткан роботту көрүшкөн.

Аял үйүндө робот чаң соргучу бар экенин кандайча билбей калганы айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0