Ыргыткан балтасы кыздын өзүн өлтүрүп кете жаздаган видео

© AFP / ANDY BUCHANANФестиваль Up Helly Aa в Леруике
Фестиваль Up Helly Aa в Леруике - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык кыз балтаны мээлеп бутага тийгизүү боюнча мелдешке катышкан.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Американын Аризона штатынын жашоочусу Эйнли Рэй аз жерден өз өмүрүн өзү кыйып ала жаздады. Ыргыткан балтасы мээлеген жыгачка батып калбай, кыздын өзүн көздөй ыргыган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ainsrae (@ainsrae)

People басылмасы америкалык кыз көңүл ачуучу борборлордун биринде балтаны мээлеп бутага тийгизүү боюнча мелдешке катышкандыгын жазды.

Индияда жолтандабастын алдында калган эне-бала аман калды. Окуянын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Индияда жолтандабастын алдында калган эне-бала аман чыкты. Окуянын видеосу
Видеодо кыздын жыгач бутага ыргыткан балтасы кайра артка ыргып, аз жерден кыздын башына батып кала жаздаган. Ал шамдагайлыгы менен, тагыраагы, артында ыргып келе жаткан балтаны көрө сала эңкейе калганга жетишкен.

Видео социалдык тармакка жайгаштырылгандан кийин аз убакыттын ичинде эл арасына жайылып, 160 миң адам көргөн.

Комментарийлерге анын жолдуу экендигин — аман калгандыгын жазышкан.

"Лотерея билетин сатып ал. Жолуң болуптур!", — деп жазышкан кээ бирлери.

Видеонун алдына таңгалып жазган посттор дагы деле уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0