Миллиондогон акчага кетти. Аукциондо Наполеондун тагы сатылды

© Sputnik / В. Уваров / Медиабанкка өтүүФильм "Ватерлоо"
Фильм Ватерлоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тооруктун уюштуруучулары аны ким алгандыгын ачыкка чыгарышкан жок.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Франциянын императору Наполеон Бонапарттын (1769–1821) тагы француз монархтарынын "Фонтенбло" деп аталган резиденциясындагы аукциондо 500 000 еврого (38 340 000 сом) сатылды. Бул туурасында "Моя планета" жазып чыкты.

Американская актриса, певица, модель Мэрилин Монро (Норма Джин Бейкер Мортенсон) - Sputnik Кыргызстан
Мэрилин Монронун "Алтын глобусу" аукциондо 250 миң долларга сатылды
Алтын жалатылган кресло алгач 80 000 еврого бааланган. Себеби Наполеондун отуруп жүргөн тагы экендигинен күмөн санагандар чыккан. Osenat деп аталган аукцион өткөргөн тарап эксперттер анын чын же жасалма экендигин жарым жылга жакын изилдеп чыккандыгын айтышты.

XIX кылымдын аягында америкалык филантроп Майкл Генри де Янг бул тарыхый тактыны Сан-Францискодогу көркөм өнөр музейине берген. Аталган буюм Наполеондун чөйрөсүндө жүргөн туугандарынын бири, француз меценатына керээз катары калтырылганы айтылат.

Көп убакытка чейин бул императордун беш тактысы тууралуу кеп жүргөн. Бирөө Париждеги Тюильри сарайында, экинчиси Сен-Клу сепилинде, үчүнчүсү Сенатта, төртүнчүсү Мыйзам чыгаруучулардын имаратында, ал эми бешинчиси Париждин мэриясында деген маалыматтар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0