Макгрегор бардын ичинде мушташып жаңжал чыгарды

© REUTERS / Steve Marcus / File PhotoЭкс-чемпион UFC в легком весе Конор МакГрегор
Экс-чемпион UFC в легком весе Конор МакГрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңжалдын чыгышына барда отургандарынын бирине мушкердин сөзү жакпай "орустар сени уруп салган" деп айтканы себеп болгон.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Ирландиянын полициясы көңүл ачуучу жайда мушкер Конор Макгрегор адамга кол көтөрдү деген маалымат жарыялангандан кийин териштирүү баштады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир жума да чыдаган жок! Конор Макгрегор октагонго кайтарын жар салды
Окуя тууралуу алгач Irish Mirror порталы жазып чыккан.

Маалыматка караганда, Дублин шаарындагы барда UFC боюнча ирландиялык экс-чемпион сахнага чыгып сүйлөгөн. Ичинде отургандарынын бирине анын сөзү жакпай "орустар сени уруп салган" деп айтканда Макгрегор жинденип ошол жерде жаңжал чыгарган.

Макгрегор мындай окуяга биринчи жолу аралашып жаткан жок. Мурдараак киши тоноду делип Майамиде кармалган. Кыз зордуктоого да шектелип иши тергөөдө турат

Жаңылыктар түрмөгү
0