Британиялык аял кош бойлуу экенин толгоосу келгенде гана билген

© Sputnik / Сергей Красноухов / Медиабанкка өтүүКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял кош бойлуу экенинен кабар берген бир дагы белги байкаган эмес.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Улуу Британиянын Глазго шаарынын Эммалуиз Леггэйт аттуу жашоочусу кош бойлуу экенин толгоосу келгенде билген. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Аялдын айтымында, ал биринчи баласын төрөгөндөн кийин сактануу үчүн бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуп жүргөн. Бирок экинчи ирет дагы эне болуу бактысы буйруганын сезген эмес. Себеби аял салмак кошуп, бирок курсагы чыккан эмес. Мындан улам ал "семирип кеттим" деп ойлоп жүргөн.

"Кош бойлуу экенимен кабар берген бир дагы белги байкалган жок", — деди Леггэйт.

Ал дени сак бала төрөдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0