Порошенко менен Зеленский акыркы дебатты стадиондо өткөрмөй болду

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраинанын президенттигине талапкер Владимир Зеленский. Архив
Украинанын президенттигине талапкер Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украинада 31-март күнү президенттик шайлоо өтүп, экинчи турга Зеленский менен Порошенко чыкты.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Украинанын учурдагы президенти Петр Порошенко шайлоонун биринчи турунун лидери, актер Владимир Зеленскийдин телестудияда эмес, Киев шаарынын стадионунда дебат өткөрүү сунушун кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин Порошенко атаандашына дебатка чыгууну сунуштап, ал өз кезегинде "стадиондо, эл алдында ат салышабыз" деп шарт койгон. Президент 24 саат ичинде жооп бериши керек болчу. Мындан кийин Порошенко Telegram аркылуу бул маселени эл добушуна койгон.

"Президенттик шайлоо тууралуу мыйзамда дебаттар коомдук телеканалдын студиясында тартылып, аны бардык телеканалдар трансляция кыла алат деп жазылган. Бирок сиз стадиондо десеңиз, анда стадиондо болсун. Мен сизди күтөм, Владимир Александрович", — деп жазган Порошенко өзүнүн Twitter баракчасына.

Украинада 31-март күнү президенттик шайлоонун биринчи туру өттү. Шайлоо комитетинин маалыматына караганда, анда бир дагы талапкер 50 пайыздан жогору добуш ала алган жок. Андыктан шайлоонун экинчи туру 21-апрелге белгиленип, анда Зеленский менен Порошенко ат салышмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0