Оюн учурунда бетон түркүккө урунган футболчунун сулап калган видеосу

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүФутбол. РФПЛ. Матч ЦСКА - "Оренбург"
Футбол. РФПЛ. Матч ЦСКА - Оренбург - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БАЭнин премьер-министри Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум ооруканага барып футболчунун абалы менен таанышты.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин "Аль-Жазира" футбол клубунун оюнчусу Ахмед Рабия жергиликтүү "Эмирейт" менен болгон жолдоштук беттеште оор жаракат алды.

​"Эмирейтстин" оюнчусу топ талаша жүгүргөн каршылашын кокустан түртүп жиберген. Тилекке каршы, Рабия алдыда турган бетон түркүккө барып урунган.

Кадрда көрүнүп тургандай, каршылашы аны бутунан тартып жаткырган. Футболчу ооруканага жеткирилди.

Khalee Times жергиликтүү басылмасынын жазганына караганда, окуя болгондон бир нече күн өткөн соң БАЭнин премьер-министри Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум ооруканага барып футболчунун абалы менен таанышкан. Азырынча оюнчунун абалы оор бойдон калууда.

​Премьер-министр тийиштүү ведомстволорго стадиондордо коопсуздук стандарттарын камсыздоо тапшырмасын берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0