Карылыкка моюн сунбай. Сынынан кетпеген атактуу айымдар аталды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүТоржественный ужин, посвященный премии "BraVo"
Торжественный ужин, посвященный премии BraVo - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоонун жыйынтыгында жашы өтсө да өң-келбеттүү делген он атактуу аялдын тизмеси жарыяланган.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Швециянын сулуулук компаниясы атайын сурамжылоо жүргүзүп, карыса да сынынан кетпеген атактуу аялдарды, актриса, ырчыларды аныктаганын Mirror басылмасы жазды.

Сурамжылоого катышкандардын көбү "Оскар" сыйлыгынын ээси 73 жаштагы Хелен Мирренди дагы деле сулуу деген пикирин билдиришкен.

Финальный тур конкурса Краса Казани -2010 - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык ырчы Египеттеги сулуулар сынагына катышууда. Сүрөт
Экинчи орунда Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II турат. Ханыша карылык менен күрөшүү үчүн эч кандай деле жашартуучу бет майларды колдонбойт.

Үчүнчү орунду 60 жаштагы Мадонна ээледи. Белгилүү ырчы бетиндеги бырыштарды кетирүү үчүн түрдүү пластикалык операцияларды жасатып турат.

Алдыңкы бештикти 73 жаштагы кантри ырчысы жана актриса Долли Партон менен 72 жаштагы ырчы Шер толуктады.

Аталган сурамжылоонун жыйынтыгында 84 жаштагы актриса Жуди Денч, 79 жаштагы ырчы Тина Тернер, 65 жаштагы Ким Бейсингер жана актриса Шэрон Стоун (61) менен Сьюзан Сарандон (72) дагы өң-келбетин сактап калган мыкты он атактуунун катарына кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0