Өтүшүп кеткен эмчек рагына даба болчу антибиотик табылды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРабота детского онкогематологического центра во Владивостоке
Работа детского онкогематологического центра во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган каражаттын белгилей кетчү өзгөчөлүгү — анын терс таасиринин аздыгында.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Клофазимин деп аталган антибиотикти эмчек рагынын оор түрүнө химиотерапия жасап жаткан маалда колдонуп, шишиктин өсүшүн жана метастазанын жайылышын токтотууга болот. Бул тууралуу Женева университетинин трансляциялык онкология факультетинин профессору,

Мээнин рентген сүрөтүн карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чарчайсың, тилиң буулат... Мээ рагынын алгачкы белгилери
Биомедицина мектебинин фармакология жана фармацевтика департаментинин лаборатория башчысы Владимир Катанаевге таянуу менен РИА Новости жазды.

Иликтөө Cancer letters басылмасына чыкты. Анда клофазимин шишикти өсүшүн, метастазанын жайылышын шарттаган Wnt-сигналдарынын жолун бууп коюуга жөндөмдүү экени айтылат.

"Бүгүнкү күнгө чейин Wnt-сигналдарынын функцияларын токтото алчу дары-дармек жок болуп келген. Аны алдыңкы клиникалык изилдөөлөр да таба алган эмес. Биз чычкандарга тажрыйба жүргүзүп, клофазимин шишиктин өсүшүн токтото аларын далилдедик", — деди илимпоз.

Аталган каражаттын белгилей кетчү өзгөчөлүгү — анын терс таасиринин аздыгында. Окумуштуулар жүргүзүлгөн иликтөө эми масштабдуу изилдөөлөргө жол ачарына ишеним артышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0