Англиялык 111 жаштагы карыя узак жашоонун сырын ачты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекский дом-интернат для престарелых
Бишкекский дом-интернат для престарелых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уэйтон 1908-жылы жарык дүйнөгө келген.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Улуу Британиянын эң кары адамы 111 жаштагы Боб Уэйтон узак өмүр сүрүүсүнүн сырын ачты. Бул тууралуу Sky News басылмасы жазды.

"Эл сыяктуу эле жашадым, көп тумоолодум, безгек болуп оорудум. 2-3 жолу операция жасаткам. Эң негизгиси, жашоону сүйчүмүн. Оору, тоскоолдук деген нерселерге оңой менен баш ийбей келдим", — деди Уэйтон.

Офисте иштеп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кечке отуруунун, аз кыймылдоонун ден соолукка кандай бычак экени айтылды
Мындан тышкары, ал туура тамактануу жана сүйүктүү иш менен алектенүү жакшы жардам берерин кошумчалады.

"Көбүнчө ар кандай ботколорду жейм. Мугалим, инженер болуп иштедим. Азыр жыгачтан буюм-тайым жасаган чакан өнөрканам бар. Майда-чүйдөлөрдү жасап сатам, өз кардарларым бар", — деди карыя.

Анын эки уулу, бир кызы, тогуз небереси жана 25 чөбөрөсү бар. Бирок дүкөнгө өзү барып келет. Өз оокатына өзү тың, эч кимден көз каранды болгусу келбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0