Словакияны эми аял президент башкарат. Шайлоонун жыйынтыгы

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүВторой тур президентских выборов в Словакии
Второй тур президентских выборов в Словакии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттин жаңы башчысын азыркы президент Андрей Киска атайын келип куттуктап кеткен.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Адвокат Зузана Чапутова Словакияда өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда 58,38 пайыз менен жеңишке жеткенин РИА Новости жазды. 

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүү Адвокат Зузана Чапутова
Словакияны эми аял президент башкарат. Шайлоонун жыйынтыгы - Sputnik Кыргызстан
Адвокат Зузана Чапутова

Ал эми атаандашы Еврокомиссиянын жетекчисинин орун басары Марош Шефчович жеңилүү ызасын тартып, элдин добушунун 41,62 пайызын алгандыгын республиканын статистика боюнча башкармалыгы билдирди.

"Шефчович болгону өлкөнүн чыгышындагы Прешов аймагында көп добуш алса, калган жерлерде Чапутованы колдошкон" , — деп айтылат маалыматта.

Чапутова Словакиянын тарыхында биринчи аял-президент болуп калмакчы.

Кандидат в президенты Грузии Саломе Зурабишвили - Sputnik Кыргызстан
Парижде туулган. Грузиянын жаңы президенти Зурабишвили жөнүндө 12 факты
Шефчович элдин берген добушун алдын ала санап, шайлоо участокторунун 60 пайызынын жыйынтыгынан кийин эле атаандашы Чапутованы куттуктап, букет гүл берип жиберген.

Мамлекеттин жаңы башчысын азыркы президент Андрей Киска атайын келип куттуктап кеткени айтылат.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийин брифингде Чапутова динине, саясий көз карашына, улутуна карабай Словакиянын бардык жашоочуларына бирдей президент болоруна убада берди. Бул билдирүүсүн ал өлкөдөгү негизги үч тилде айтты.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы жекшемби күнү түшкө жуук маалым болот.

Чапутованын президенттик милдетине Кискинин башкаруу мөөнөтү аяктаары менен — 15-июнда киришери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0