Кикбоксер атаандашын "торнадо" ыкмасы менен тээп жеңишке жетти. Видео

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүКикбоксчулар беттеш учурунда. Архив
Кикбоксчулар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар 81 килограмм салмакка чейинки категорияда беттешкен.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Румыниялык кикбоксчу Эдуард Гофенку Бухарестте өтүп жаткан Colosseum Tournament XI турниринде голландиялык Томас Доевди "торнада" ыкмасы менен башка тээп нокаутка кетирди. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

​Спортчулар 81 килограмм салмакка чейинки категорияда беттешкен. Биринчи раунддун аягында Гофенку атаандашын рингдин бурчуна такап, башка тээп эсин оодарган. Аталган ыкма спорт чөйрөсүндө "торнада" деген ат менен белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0