ЖМК: Түркияда күйөөсү аялын 12 метрлик бийиктиктен ыргытып ийди. Видео

© AFP / BULENT KILICТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлар чырдын келип чыгуу себебин жазышты.

БИШКЕК, 30-мар. – Sputnik. Анкарада күйөөсү аялын 12 метрлик бийиктиктен ыргытып жибергенин Haber Arti turk басылмасы жазды.

Окуянын видеосу Facebook баракчасына жарыяланды.

Басылманын маалыматына караганда, кайгылуу окуя Анкаранын автовокзалында болгон. Жубайлар мындан 8 ай мурун баш кошкон.

“Аялы Стамбулга байкесиникине барарын айтканда экөөнүн ортосунда чыр чыккан”, - деп айтылат маалыматта.

Жабыркаган аял ооруканага жеткирилген, абалы оор. Ал эми анын жолдошу камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0