Тамеки тарткан кош бойлуу аялдын кыздары төрөбөй калары айтылды

© AFP / ROSLAN RAHMANБеременная женщина
Беременная женщина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар чылым чеккен 65 миң аялды сурамжылап, ар бир 10 келиндин ичинен эки-үчөө боюнда болгон кезде дагы никотинден баш тарта албай койгонун айткан.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кош бойлуу кезинде чылымды таштабаган келиндердин жарыкка келген кыздары келечекте балалуу болбой калышы мүмкүн. Бул тууралуу британиялык окумуштуулардын иликтөөлөрүнө таянып, Daily Mail басылмасы жазды. 

Адистер чылым чеккен 65 миң аялды сурамжылап көргөн. Ар бир 10 келиндин ичинен эки-үчөө боюнда болгон кезде дагы никотинден баш тарта албай койгонун айткан.

Мындан улам окумуштуулар бул адат канчалык кооптуу экенин аялдарга башка ракурстан түшүндүрүү үчүн дагы бир жаңы иликтөө жүргүзүшкөн.

"Бул жолу чындап эле чылымдын өтө кооптуу кесепетин таба алдык. Ичинде түйүлдүк бар кезде түтүн жуткан энелер келечектеги кыздарын тукумсуз калтырышы мүмкүн. Көрсө, курсактагы түйүлдүк (кыз төрөлө турган болсо) никотинге ууланса, жатын органдары жакшы өрчүбөй калат экен", — деп түшүндүрүштү адистер.

Буга чейин АКШлык окумуштуулар иликтөө жүргүзүп, кош бойлуу кезде чылымды таштабаган аялдардын балдары төрөлгөндөн кийин капилет чарчап калуу коркунучуна кабыларын аныкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0