Эсептеги акчаны уурдайт! Телефондорду тузакка түшүргөн жаңы вирус чыкты

© AFP / LIONEL BONAVENTUREТелефон кармап турган адамдар. Архив
Телефон кармап турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирус негизинен банктын кардарларына, мобилдик капчыкты колдонгондорго жана ири коммерциялык интернет-ресурстарына багытталган.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Киберкоопсуздук боюнча эксперттер Gustuff аттуу жаңы вирусту табышканын Sputnik Эстония маалымат агенттиги жазды.

Вирус негизинен банктын кардарларына, мобилдик капчыкты колдонгондорго жана ири коммерциялык интернет-ресурстарына багытталган. Вирус толугу менен автоматташтырылып, кишилердин банк эсебиндеги акчаларын жана криптовалюталарын уурдаганга адистешкен.

Вирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах - Sputnik Кыргызстан
Аккаунту популярдуулар тетири сүйлөсө, дароо жолугабыз. Киберкоопсуздук тууралуу
Киберкоопсуздук боюнча эксперттер вирусту анализдеп чыгып, ал J.P.Morgan, Bank of America жана Bank of Scotland финансы гиганттарынын мобилдик тиркемелерин бузуп кирүүгө ылайыкташканын аныкташкан. Андан сырткары, Bitcoin Wallet, BitPay, Cryptopay, Coinbase аттуу белгилүү электрондук валюталарды уурдай турганы белгилүү болгон.

Адистер жаңы вирустун курмандыгы болуп калбоо үчүн банктардын расмий сайтындагы гана тиркемелерди көчүрүп алуу керектигин эскертет. Андан сырткары, тастыкталган гана антивирустарды колдонууну сунушташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0