Жөө-жалаңдаган миңден ашуун мигрант Мексикадан АКШны көздөй бет алды

© REUTERS / Ueslei MarcelinoМексикадан АКШга бараткан мигранттар. Архив
Мексикадан АКШга бараткан мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мигранттардын кербенинде бараткан адамдардын саны 1,2 миңге жетет.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Көпчүлүк бөлүгү Борбордук Америка өлкөлөрүнөн чыккан мигранттардын жаңы кербени Мексика менен Гватемаланын чек арасынан АКШны көздөй бет алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Митинги против указа Трампа о беженцах в Цинциннати - Sputnik Кыргызстан
Трамп АКШда жүргөн мыйзамсыз мигранттардын санын айтты
Маалыматка ылайык, кербенде бараткан адамдардын саны 1,2 миңге жетет. Алар эки айга чукул чек арага жакын жердеги Мексиканын Тапачула шаарында жүрүшкөн. Айрым маалыматтарга караганда, мигранттардын арасында Кубанын жарандары дагы бар.

Ушул сыяктуу мигранттардын кербени соңку ирет январь айында дагы болгон. Борбордук Америкадан чыккан мигранттар Мексика аркылуу АКШ тарапка 2018-жылдын күзүндө бет алган болчу. Мунун натыйжасында АКШ менен Мексиканын чек арасында миңдеген адам топтолуп калган. АКШ бийлиги коопсуздукту камсыздоо үчүн аскерлерди жөнөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0