Дүйнөдөгү эң мыкты мугалим 1 млн. доллар сый акы алды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүДубай шаары. Архив
Дубай шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы миллион доллар алууну каалагандар көп болуп, сынакка 179 өлкөдөн 10 миң киши катышкан.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кечил-францискан Питер Табичи "дүйнөдөгү эң мыкты мугалим" деп табылып, 1 миллион доллар сый акы алды. Бул тууралуу Dubai Media Office кабарлады.

Индиялык ишкер Санни Варкейдин кайрымдуулук уюму 2015-жылдан бери "дүйнөдөгү эң мыкты мугалимди" тандап келет.

Бул жылы миллион доллар алгысы келгендер көп болуп, сынакка 179 өлкөдөн 10 миңге чукул адам катышкан.

"36 жаштагы Питер Табичи Кениядагы айылдардын бириндеги орто мектепте табигый илимдер боюнча сабак берет. Алардын окуу борборунда бир гана компьютер бар, ал эми бир мугалимге 58 окуучу туура келет", — деп жазылат маалыматта.

Учительница средней школы - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков мугалим менен дарыгерлердин айлыгы качан жогоруларын айтты
Табичи алган айлыгынын көбүн жардамга муктаж адамдарга берип жүргөндүгү менен белгилүү.

Сый акынын берилиши Бириккен Араб Эмирлигинин премьер-министри жана вице-президенти, Дубайдын башкаруучусу шейх Мухаммед бен Рашид Аль Мактум тарабынан көзөмөлдөнөт.

Индиядан чыккан ишкер Санни Варкей Жакынкы Чыгышта GEMS Education аттуу жеке бала бакча жана мектептердин ири түйүнүн ачкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0