Назарбаев кызматтан кетерин Путинге качан айтканы белгилүү болду

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-мартта Казакстанды 30 жылга чукул башкарган президент Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткен.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин казакстандык кесиптеши Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткени жатканын ал расмий жар саларына эки саат калганда билген. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Москва. Кремль. Путин" берүүсүндө айтканын РИА Новости жазды.

"Нурсултан Абишевич өзү телефон чалды. Негизинен экөө мүмкүнчүлүк болуп калганда сүйлөшүп турушчу. Бул жолу расмий жар саларына эки саат калганда байланышка чыккан", — деди Песков.

Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын жаңы президенти Токаевдин атасы Фрунзеде чоңойгон
Маалымат катчынын айтымына караганда, Россия менен Казакстан жакын өнөктөш болгондуктан жакынкы арада дагы жогорку деңгээлдеги байланыштар болот.

Белгилей кетсек, 19-мартта Казакстанды 30 жылга чукул башкарган президент Нурсултан Назарбаев отставкага кетип, ордуна парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0