Окумуштуулар ачка болуунун пайдасын далилдешти

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМеждународный кулинарный турнир поваров-юниоров
Международный кулинарный турнир поваров-юниоров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамактан чеги менен баш тартып туруу метаболизмди өзгөртүп, оору-сыркоодон оолак кармай турганы аныкталган.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. АКШнын Гарвард медициналык мектебинде эмгектенген илимпоздор тамакты чектөө жана анын майлуулугун азайтуу жашоону узартарын далилдеп чыгышты. Иликтөөнүн жыйынтыгы MedicalXpress сайтына жыраяланды.

Даниловский рынок в Москве - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар терини картайтпай турчу мөмөлөрдү атады
Тажрыйба курттарга — Caenorhabditis elegans нематоддоруна жүргүзүлгөн. Натыйжада углеводдорду аз өлчөмдө колдонуу адамдын тубаса иммунитетинин басаңдашын шарттай турганы аныкталган. Бул р38 белогунун функциясын алсыздандыруу жолу менен ишке ашат.

Ал эми бул иммунитет инфекциялар менен күрөшөт, бирок анын ашкере активдүүлүгү адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, өнөкөт оорулар күчөп, организм эрте эле картая баштайт.

Ачкачылыктын саламаттыкка пайдалуу экени буга чейин да айтылып келген. Тамактан чеги менен баш тартып туруу метаболизмди өзгөртүп, оору-сыркоодон оолак кармай турганы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0