Бейкүнөө кеткен 55 жан. Иракта аңтарылган кайык адам өмүрүн алды

© AFP / Waleed AL-KHALID Город Мосул. Ирак
Город Мосул. Ирак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, судно адаттагыдан көп адам салып алган жана дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп кеткен.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Иракта туристтерди ташып бараткан паром аңтарылып кетип, негизинен балдар менен аялдар каза тапты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

55 адамдын каза болгондугун Al-Sumaria телеканалы билдирди. Алардан сырткары 30 кишини сактап калышкан.

​Трагедия Мосулга жакын аймактагы аль-Габат районунда болгондугу, жүргүнчүлөрдүн көбү балдар менен аялдар экендиги айтылды.

​"Биринчи түшкөн маалыматтарга караганда, паромдун аңтарылып кетишинин себеби кишини айтылгандан көп салып алгандыгында дешкен. Бир аздан кийин экинчи себебин да кабарлашты. Ал — Тигр дарыясындагы суунун деңгээлинен көтөрүлүп кетиши болуптур", — деп билдирген маалымат булагы.

Телеканал жабырлангандарды куткаруу жана издөө иштери уланып жаткандыгын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0