Москвада эркек киши өспүрүмдү 10 жыл бою туткунда кармап келген

© AP Photo / Ed WrayДетский дом в Джакарте
Детский дом в Джакарте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Териштирүү маалында колго түшкөн жаран өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Москвада шектүү бир топ жыл бою тогуз жаштагы баланы кулчулукта кармап келген. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги НТВ телеканалына шилтеме кылып жазып чыкты.

Случаи насилия над детьми - Sputnik Кыргызстан
Соттор эми бала зордуктагандардын жазасын жумшартат. Жаңы мыйзам
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү жаран 2007-жылы тогуз жаштагы өспүрүмдү үйүнө чакырып келип, ошол бойдон ага карата сексуалдык зомбулук көрсөтүп узак жылдар бою батирде жашыруун кармап келген. Ошол учурда дайынсыз жоголду деген баланы Россиянын булуң-бурчунан да издеп таба алышкан эмес. Педофил 2017-жылы баланы көчөгө аба жутуп келүүгө чыгарып жиберген. Патрулдук милициянын кызматкерлери баланын документин сурап, жанында тастыктаган эч кандай кагазы жок болгондуктан, маалыматтар топтомунан издеген. Текшере келгенде анын бир нече жыл мурда дайынсыз жоголгону, дагы деле издөөдө экендиги тууралуу маалымат чыккан. Жыйынтыгында бала ата-энесине берилген.

Жиптин учугу табылып, тартип коргоочулар педофилдин изине түшкөн. Териштирүү маалында колго түшкөн жаран өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган. Эми ал 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0