Назарбаев отставкага кетерде Путин менен телефондон эмне тууралуу сүйлөшкөнү айтылды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүВизит президента РФ В. Путина в Узбекистан
Визит президента РФ В. Путина в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурсултан Назарбаев 19-март күнү президенттик кызматын тапшырды.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев кызматын тапшырар алдында Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышып, отставкасы тууралуу сүйлөшкөн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Рабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Беларусь - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков 19-март күнү Путин менен Назарбаев телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, бирок эки өлкөнүн башчылары эмне тууралуу кеп курганы жөнүндө маалыматы жок экенин билдирген.

Казакстандын президентинин маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча саясатчылар телефондон Назарбаевдин президенттик милдетин аткаруу мөөнөтүн 20-мартта токтотуу боюнча жана ага карабай келечекте тыгыз байланышта болушарын сүйлөшкөн.

Эске салсак, Нурсултан Назарбаев 19-март күнү президенттик кызматын тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0