08:41 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Голландиянын Утрехт шаарында полиция кызматкери. Архивдик сүрөт

Голландияда үч кишини атып өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUW
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
105 0 0

Ок атуудан тогуз киши жаракат алган.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Голландиянын Утрехт шаарында элге ок чыгарды деген шектүү кармалганын РИА Новости агенттиги жазды.

Буга чейин маалымдалгандай, трамвайдагы ок атуудан үч киши каза болуп, тогуз киши жаракат алганы кабарланган. Нидерланддардын бийлиги аталган аймакта террордук коркунучтун деңгээли жогору экенин жарыялаган. Укук коргоо органдары бул окуяга тийиштиги бар деп Түркиянын жараны Гөкмен Танышты издеп жатканы айтылган.

Ал эми Түркиянын Anadolu агенттиги Таныштын Голландиядагы туугандарына таянуу менен ал үй-бүлөлүк чырдан улам башкаларга куралдуу кол салышы ыктымалдыгын жазды.

Тема боюнча

Индия менен Пакистан бири-биринин учагын атып түшүргөнүн айтууда. Эмне болуп жатат
Премьер-министр: Жаңы Зеландиядагы террорчу дагы көп кишини өлтүрүүгө ниеттенген
Белгилер:
ок атуу, Өлтүрүү, адам, Голландия

ЭҢ МААНИЛҮҮ