Жалган кабарларды тараткандар жазаланат. Путин жаңы мыйзамга кол койду

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалган кабар үчүн салынган айып 1,5 миллион рублге чейин барат

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россияда жалган, жасалма кабарларды тараткандарга тыюу салган мыйзам ишке кирди. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Документке президент Владимир Путин кол койгон.

Мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думанын кароосуна сенаторлор Андрей Клишас, Людмила Бокова жана депутат Дмитрий Вяткин сунуштаган.

Facebook социалдык тармагынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Францияда фейк аркылуу кесиптештерин шакабалаган журналисттер иштен алынды
Мыйзамда жалган, жасалма (фейк) кабарларды чын маалымат катары таратууга тыюу салуу каралган. Кеп жарандардын ден соолугуна, өмүрүнө, мүлкүнө зыян келтирип, коомдук тартипти массалык түрдө бузгандар туурасында жүрүп жатат. Адамдын өмүрү үчүн маанилүү болгон объектилердин ишинин токтоп калышына, андан сырткары, транспорттук же социалдык түзүмдүн, кредиттик уюмдардын, өнөр жайдын, байланыштын ишинин жүрбөй калышына себепкер болгон жагдайлар каралган.

Айып пул

Туура эмес маалымат таратып, адамдын жашоосуна, ден соолугуна кесепетин тийгизип, коомдук тартипти массалык түрдө бузган маалыматтар болуп, бирок кылмыш жазасына тартылбай турган түргө кирсе, 30 миңден 100 миң рублге чейинки акча төлөйт. Ал эми кызматтагылар үчүн 60 миңден 200 миңге чейин, юридикалык жактарга 200 000ден 500 000ге чейинки айыптар каралган.

Адамдын жашоосу үчүн маанилүү болгон транспорт, социалдык түзүмдөрдүн, байланыш, энергетика объектилеринин иштешине тоскоолдук жараткан фейктер үчүн 100-300 миң рубль өлчөмүндөгү жаза пул каралган. Ал эми кызматтагылар 300 000-600 000, юридикалык тараптар 500 миңден тарта 1 миллион рублге чейинки айып пул төлөйт.

WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек милициясы WhatsApp аркылуу билдирүү кабыл алат. Калп жазгандар жазаланат
Жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернетке фейк маалыматтарды жарыялап, ал адам өлүмүнө алып келсе, ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирсе да өзүнчө жаза каралган. Буга кошумча адамдын жашоосу үчүн маанилүү болгон транспорт, социалдык түзүмдөрдүн, байланыш, энергетика объектилеринин иштешин токтотсо 300 000ден 400 000ге чейинки жаза пул салынат. Кызматтагы кишиге 600-900 миң, юридикалык тараптар болсо 1 миллиондон 1,5 миллион рублге чейин айып пул төлөйт.

Айыптарга кошумча мүлкүн конфискациялоо да каралышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0