Юлия Началова кокустуктан каза тапты. Ырчынын дарыгери үн катты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЭстрадная певица Юлия Началова
Эстрадная певица Юлия Началова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
38 жаштагы өнөрпоз бир нече күн мурун эле реанимацияга түшкөн.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Юлия Началованын дарыгери Василий Шнуров ырчынын өлүмү каргашалуу кокустуктан улам болгонун айтты. Бул тууралуу "Комсомольская правда" жазып чыкты. 

Врач ырчы кыз бутундагы жараатынан улам каза тапканын белгиледи.

"Бутун өйкөтүп алыптыр, ага инфекция кирип, гангрена өрчүп кеткен. Акырына чейин өлүп калат деп ойлогон жокпуз", — деди дарыгер.

Прилет певицы Юлии Началовой в Москву - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Юлия Началова эмнеден каза болгонун атасы айтты
Шнуров Началованы жарым жыл мурун карай баштаган. Анын айтымында, ырчы подаградан гана кыйналып келген, буттарынын мууну катуу ооругандыктан атайын бут кийим кийүүгө аргасыз эле. Дарыгерге илдети өтүшүп кеткенде гана кайрылган.

Буга чейин бир катар ЖМКларда Москва мэриясынын соода жана кызмат көрсөтүү департаменти маркумга бекер жер бөлүп бербей жатканы тууралуу маалымат тараган.

18-март күнү Началованын пиар-директору Анна Исаева ырчынын туугандары жер тууралуу айтылган сөздүн баарын четке кагып, сөөктү көмүү боюнча маселе жаралбаганын айтышты деди.

Юлия Началова 16-март күнү кайтыш болгон. 38 жаштагы ырчы андан бир нече күн мурун реанимацияга түшүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0