Жаңы Зеландиядагы кыргындын видеосун жарыялаган улан камакта калды

© REUTERS / SOCIAL MEDIAРасстрел людей в двух мечетях Крайстчерча в Новой Зеландии
Расстрел людей в двух мечетях Крайстчерча в Новой Зеландии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-мартта Крайстчерч менен Линвуд шаарындагы мечиттерге кол салуу болуп, акыркы маалыматтар боюнча 50 киши каза болгон.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Крайстчерч шаарынын соту калаадагы мечиттердеги терактынын видеосун жарыялап жайылтты деп айыпталып жаткан 18 жаштагы уланды бошотуудан баш тартты. Бул тууралуу The New Zealand басылмасы жазды. 

Сотрудники полиции на месте стрельбы в мечети города Крайстчерча в Новой Зеландии. 15 марта 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр: Жаңы Зеландиядагы террорчу дагы көп кишини өлтүрүүгө ниеттенген
Эми ал апрель айынын башына белгиленген сот отурумуна чейин камакта болот. Айыпталган бала 14 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Бийлик 18 жаштагы баланы негизги айыпталуучу Брентон Терранттын мечитке жасаган кол салуусунун видеосун түз эфирден көрсөттү жана элди зомбулукка үгүттөгөн тексттерди жазды деп айыптоодо.

Белгилей кетсек, 15-мартта Крайстчерч шаарындагы жана Линвуд шаарындагы мечиттерде теракт болуп, акыркы маалыматтар боюнча 50 киши каза болгон. Алардын арасында балдар менен аялдар да бар. 50гө жакын киши түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0