Англияда ата-эне кызынын органдары менен беш баланын өмүрүн сактап калды

© AFP / CHANDAN KHANNAМедицинская косметологическая больница Хуамей в Шанхае
Медицинская косметологическая больница Хуамей в Шанхае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жасалма дем алуу аппаратын өчүрүп жаткан маалда ата-эне кызынын жанында эле.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Улуу Британияда 10 жашар кызынын жүрөгүн, өпкөсүн, боорун, уйку бези менен эки бөйрөгүн муктаж наристелерге берген ата-эне беш баланын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.

Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу
Англиянын Херстпирпойнт кыштагында жашаган Элла Тэтчер балдар арасында сейрек кездешүүчү талма — Драве синдрому менен жабыркап келгени айтылат. 10 жаштагы кыздын ата-энеси чүрпөсүнүн жакшы болорунан үмүт үзгөн эмес.

2018-жылы Элла илдети күчөп, ооруканага түшөт. Кайсы бир мезгилде анын дем алышы да токтоп калганы айтылат. Дарыгерлер кызды эсине келтирип, дароо Лондондогу балдар ооруканасына жеткиришкен.

"Карап көрүп, доктурлар мени менен сүйлөшүү ниетин билдиришти. Дароо бир жамандыкты сездим. Врачтар Элланын мээси шишип кеткенин, ал ушу тапта өлүк экенин айтышты", — деп ал күндү эскерген кыздын апасы Анна.

Жасалма дем алуу аппаратын өчүрүп жаткан маалда ата-эне кызынын жанында эле.

"Колубуздан эч нерсе келбей калганда органдарын башка бирөөлөргө берүү тууралуу ойлондук. Элла беш балага өмүр тартуулады", — дейт Анна.

Оорудан көз жумган кыздын энеси ушундай кыйын кырдаалга туш болгон ата-энелерге башка бейтаптарга жардам берүү зарылдыгын эскертет. Ал "балаңызды кайтара албасаңыз да кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калсаңыз болот" дейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0