Көп уктаган киши жалкоо эмес! Уйкунун ашыкча салмак менен күрөшүүдөгү орду

© AFP / Getty Images / Spencer PlattПогода в Нью-Йорке
Погода в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Испанияда элдин төрттөн бир бөлүгү (26 пайызы) уйкуга байланыштуу көйгөйлөр менен жабыркагандыктан, адистер иликтөө жасашкан.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Уйкусу кана уктаган адамдарда ашыкча салмак кошуу коркунучу алда канча азыраак болот. Бул тууралуу Мадриддеги (Испания) Ашыкча салмакты изилдөө европалык институтунун окумуштууларына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Испанияда элдин төрттөн бир бөлүгү (26 пайызы) уйкуга байланыштуу көйгөйлөр менен жабыркагандыктан, адистер иликтөөгө алышкан.

"Мурда арыктоонун бирден-бир жолу диета жана активдүү кыймыл деген түшүнүк болгон. Ал эми көп уктаган адамды жалкоо деп эсептечүбүз. Бирок акыркы иликтөөдөн кийин уйкуну кандыра уктоо ден соолук, анын ичинен салмакка байланыштуу маселелерде чечүүчү роль ойной турганы белгилүү болду", — деди Сониа Пейнадо аттуу диетолог.

Окумуштуулардын түшүндүргөнүнө караганда, адам жетиштүү уктабай, эс ала албай калган учурда организм кечке чейин энергияны жеткирүү максатында тамак талап кыла баштайт. Андыктан киши өзүнө керектүү көлөмдөн көбүрөөк тамактанып алып, ашыкча салмак топтойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0