Ырчы Юлия Началова эмнеден каза болгонун атасы айтты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүПрилет певицы Юлии Началовой в Москву
Прилет певицы Юлии Началовой в Москву - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчынын абалы мындан бир жума мурда начарлап, оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Россиялык ырчы Юлия Началова жүрөгү токтоп калып каза болду. Бул туурасында ырчынын атасы Виктор Началов РИА Новости агенттигине билдирди.

Началованын абалы мындан бир жума мурда начарлап, Москвадагы клиниканын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ооруканага түшүп калышына канындагы канттын кескин көтөрүлүп кеткени себеп экени айтылат. Шаршемби күнү атайын аппарат менен дем ала баштаган. Анын бутуна операция жасалганы маалым болду.

Советтик жана россиялык актер Владимир Этуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
СССРдин эл артисти Владимир Этуш каза болду
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан кайсы жерде өтөрү белгисиз.

Юлия Началова Воронеж шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган. Анын атасы ансамблдин жетекчиси, апасы солисти болгон.

Ал сахнага беш жашынан тарта ырдап чыга баштагандыгын жазган. Биринчи ирет элге балдардын “Таңкы жылдыз” телесынагына катышып таанылган. Ырчылык карьерасында сегиз музыкалык  альбом чыгарган.

Ал "Герой ее романа" (2001), "Бомба для невесты" (2004), "Три мушкетера" (2005), "Любовь — не шоу-бизнес" (2007) деп аталган фильмдерге тартылган.

Началова аны менен катар эле "Россия 1" телеканалындагы "Один в один" жана СТС телеканалындагы "Два голоса" музыкалык берүүлөргө катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0