Жаңы Зеландиядагы терактыдан курман болгондордун саны 50гө жетти

© REUTERS / JORGE SILVAЦветы около мечети в городе Крайстчерч в Новой Зеландии, где мужчина расстрелял людей в мечети. 6 марта 2019 года
Цветы около мечети в городе Крайстчерч в Новой Зеландии, где мужчина расстрелял людей в мечети. 6 марта 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргашаны жасады деп Австралиянын үч жараны шектелип, бирөөнө киши өлтүрүү боюнча айып тагылууда.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Cауд Аравиянын жараны Мохсен аль-Мазини Жаңы Зеландиядагы мечитте аткылоого кабылып каза болду. Муну менен терактыдан каза болгондордун саны 50гө жетти. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Ал эми жаранынын каза болгондугу туурасындагы маалыматты аталган падышалыктын ТИМ жетекчиси Ибрахим аль-Асаф билдирди.

Стрельба в мечети города Крайстчерча в Новой Зеландии - Sputnik Кыргызстан
Мечитте элди аткылагандардын бирин кармап жаткан учурдун видеосу тарады
Эске салсак, Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы мечит аткылоого алынган. Учурда каза болгондордун саны 50гө жетсе, дагы 50 киши жарадар болуп, ооруканага түшкөн.

Шейшемби күнү Крайстчерч шаарында болгон аткылоону жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы Жасинда Ардерн теракт деп атады. Муну жасады деп Австралиянын үч жараны шектелип, бирөөнө киши өлтүрүү боюнча айып тагылууда.

Бул окуя өлкөдөгү 1943-жылдан бери жасалган ири каргаша. Аталган жылы Фезерстоундогу түрмөдөгү козголоңдо Япониянын 48 аскери менен жаңы зеландиялык бир адам каза тапкан.

"Жарадар болгон бир киши дарыланып жатат, ал эми дагы бирөө жума күнү Аллага кетти", — деп айткан министр Мохсен аль-Мазини.

Ал мындай терактылар улуттар арасындагы ажырымды азайтууга адамзаттын биригип алып каршы күрөшүүсүн талап кыларын айтты.

Буга чейин падышалыктын Веллингтондогу элчилиги Крайстчерчтеги терактыдан саударавиялык эки киши жарадар болгондугун, аларга дипломатиялык миссиянын кызматкерлери жардам берип жаткандыгын айтышкан.

Сауд Аравиянын жарадар болгон дагы бир жаранынын (өспүрүмдүн) атасы уулунун абалы жакшы болгону менен психологиялык жактан калыбына келтирүү боюнча жардамга муктаж экендигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0