Мечитте элди аткылагандардын бирин кармап жаткан учурдун видеосу тарады

© REUTERS / STRINGERСтрельба в мечети города Крайстчерча в Новой Зеландии
Стрельба в мечети города Крайстчерча в Новой Зеландии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкер деп шектелген кишини кармоо учурун көчөдөн өтүп бара жаткан киши видеого тартып алган.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жаңы Зеландияда мечитке кол салды деп шектелгендердин бирин кармоо учуру видеого түшүп калган.

Аны The Daily Mail басылмасы жарыялады.

Кадрдан куралчан эки полиция кызматкери жол боюнда кысылып токтотулган автоунаага жакындап бара жаткандыгын көрүүгө болот. Алардын бири кара кийимчен кишини сууруп чыгып, экинчиси курал менен бир уруп, тротуарга жыгып жатат.

Стрельба в баре в Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
Калифорния: бардагы атышууда 12 адам каза тапты. Видео
Крайстчерчтеги кол салган киши Австралиянын атуулу, ультра оңчул багытты карманары айтылды. Кылмышкер өзүнүн ниетин 37 барактык "манифестке" калтырып, өзүнүн бул кылыгын "теракт" деп жазып кеткен. Дагы башка бирөөлөр шаарга жакын Линвуд аймагындагы мечитин аткылаган учурда анын ичинде 300 киши болгону айтылат. Окту шлем кийип, көз айнек тагынган, күрмөчөн киши чыгарган. Ал теракт жасап жаткан учурун онлайн трансляция кылган.

Акыркы маалыматтарда куралдуу кол салуудан 49 киши курман болгондугу жана 48и жаракат алгандыгы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0