Димаш Америкадагы шоудан кетип, калыстардын эсин оодарды. Видео

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүОткрытие XXVII "Славянского базара" в Витебске
Открытие XXVII Славянского базара в Витебске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык ырчы финалдык баскычка жеткенде шоудан кетип, жаш ырчыларга мүмкүнчүлүк берүүнү чечкен.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Американын The World's Best шоусунун финалында ырдоодон баш тартканын маалымдады. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ал жарым финалда Adagio чыгармасын аткарып, адаттагыдай эле көпчүлүктүн колдоосуна татыган. Андан соң микрофонду колуна алып шоудан кетүү боюнча жасаган билдирүүсү калыстардын эсин оодарып, көрүүчүлөрдү уу-дуу түшүрдү. Ал жаш ырчылар менен атаандашпай, аларга да мүмкүнчүлүк берүүнү чечкенин айткан.

"Мен үчүн сиздердин алдыңыздарда ырдоо чоң бакыт. Бүгүн эреже боюнча жаш балдар менен ат салышышым керек. Ушуга байланыштуу мени сынактан четтетүүңүздөрдү суранам. Балдар мындан аркы жолун уланта берсин", — деп кайрылган Димаш.

Мындайды күтпөгөн калыстар тобу аябай таң калып, бул сынак экенин Димашка дагы бир ирет эскертишти.

"Чынында сен конкурсту сыйлабай турганыңды көрсөттүң. Биз мыктылардын мыктысын тандоого бел байлаганбыз. Сен эмне кылып жатканыңды билесиңби?!" — деп нааразы болгон калыстар тобунун мүчөсү, актер Ру Пол.

Андан башка калыстар дагы Димаштын чечимине ызаланып түрдүү пикирлерди айтышкан. Бири орто жолдон таштабай аягына чейин баруу керектигин айтса, экинчиси ырчынын чечимин сыйлоо керектигин билдирүүдө.

Открытие XXVII Славянского базара в Витебске - Sputnik Кыргызстан
Димаш Кудайбергендин күйөрмандары АКШда биринчи болууга жардам берди
Аягында Димаш өзүнүн чечими менен күйөрмандарын ызалантканын моюндап, бирок алар туура түшүнө турганына ишенерин айткан.

The World`s Best — Американын таланттар шоусуна дүйнө боюнча өзгөчө таланттын ээлери катышат. Финалга чыгуу үчүн казакстандык Даниэлия Тулешова менен индиялык пианист Лидиан Надхасварам ат салышууда. Мындан улам күйөрмандар Димаш өзүнөн бир топ жаш кичүү казакстандык ырчыга жол бошотуп коюшу мүмкүн деп болжошууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0