Төшөк кумары жана спорт... Эске тутууну жакшыртчу төрт ыкма аталды

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүВсероссийский день бега "Кросс Нации - 2017"
Всероссийский день бега Кросс Нации - 2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар ар бир ыкманы өз-өзүнчө иликтешкен.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Эске тутууну жакшырта турган ыкмаларды АКШ, Улуу Британия, Германия сыяктуу мамлекеттердин окумуштууларынан турган топ таап чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ойду машыктыруу

Бул ыкманы текст жаттоо же тил үйрөнүү учурунда колдонсо болот. Анда ойду кыска-кыска кылып бөлүп алып, ошону гана эстеп калууга аракет кылуу керек. Ал эми узунураак нерсени эске сакташ үчүн аны кайсы бир окуя, көрүнүш, жер же жыттарга салыштырып эстеп калса болот.

Гормондордон арылуу

Окумуштуулар бир нече адамды эки топко бөлүп алып, бирин спорттук көнүгүүлөр менен машыктырган. Андан соң экөөнө тең текст беришкен. Жыйынтыгында эч нерсе кылбаган адамдарга караганда спорт залдан чыккандар эсине көбүрөөк сөздөрдү түйүп калганы аныкталган. Муну адистер гормондор жана терден кутулган организм жаңы маалыматты тез кабыл алат деп түшүндүрүштү.

Жүз грамм

Забег Апхилл-2018 на горнолыжной базе Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Көп кыймылда! Окумуштуулар мээни жашартуунун жолун табышты
Британиялык окумуштуулар 18 жаштан 54 жашка чейинки 88 адамды иликтөөгө алган. Алардын жарымы маал-маалы менен спирт ичимдиктерин ичип койгон адамдар болсо, экинчи бөлүгү таптакыр татпагандар болгон. Бир нече күн бою ар кандай тексттерди окутуп, кийин сурамжылоо жүргүзгөндө ичимдикке жакындардын эсинде көбүрөөк нерсе калганы белгилүү болгон. Адистер адам ичип алып уктаган кезде мээнин катуураак иштегени себеп болду деп айтышкан.

Сүйүү оюндары

Канадалык илимпоздордун айтымында, сүйүү кумары жашы өтүп бара жаткан адамдардын эске тутуусун жакшыртууга эң жакшы курал. Көрсө мээнин эске тутууга жардам берген бөлүгү кумарга батуудагы сезимдерге жооп берчү бөлүгү менен жакын жайгашып, бири-биринин ишине таасир этип турат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0